• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан БУУнун суу ресурстары боюнча конференциясында билдирүү жасады

Саясат 0

Бишкек, 25.03.23./Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы - Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев БУУнун 2023-жылдагы суу ресурстары боюнча конференциясынын жалпы дебатында билдирүү жасады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Сокеев өз сөзүндө Кыргызстан суу ресурстарына жана аларды натыйжалуу пайдаланууга, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын интеграцияланган башкаруу принциптерин киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өлкөнүн жетекчилиги мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процессин баштагандыгы жана 2023-жылдын февралында суу ресурстары чөйрөсүндө негиз болуучу программалык документ, Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки Улуттук суу стратегиясы кабыл алынгандыгы айтылды.

КР делегациясынын башчысы ошондой эле азыркы учурда Кыргызстан ирригациялык жана энергетикалык инфраструктураны реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын маалымдады. Муну менен бирге суунун экономикалык баалуулугун, сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүү чыгымдары ошого жараша төлөнүшү керектигин баса белгиледи.

Белгиленгендей, Кыргызстан жогорку өлкө катары Борбордук Азияда суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу боюнча өз ара пайдалуу компенсациялык механизмди түзүүнү сунуш кылат жана илгерилетет.

Пикир

Оставить комментарий