• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларында аялдардын катышуусун көбөйтүүгө кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин БУУнун тынчтыкты сактоо иштери боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, тынчтык орнотуу операцияларына Кыргыз Республикасынын катышуусун кеңейтүү боюнча пикир алмашышты. Атап айтканда, министр Кыргызстан БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларында аялдардын катышуусун көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде БУУнун Тынчтыкты сактоо иштери боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты чыңдоого кошкон салымын белгилеп, БУУнун жарандык жана аскердик тынчтык миссияларына өкүлдөрдү жөнөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Лакруа Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз Республикасынын кайрылуусуна жардам берет деп ишендирди.

Министр Руслан Казакбаев 2021-жылдын аягына чейин БУУнун тынчтыкты сактоо миссияларында Кыргызстандын өкүлдөрүнүн санын көбөйтүү үчүн Бишкекте кыргыз талапкерлерин тестирлөөсүн уюштурууну сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик талаа госпиталын сертификациялоону тезирээк бүтүрүү жана БУУнун тынчтыкты сактоо миссияларынын бирине жайгаштыруу үчүн БУУдан жардам сурады.

Жан-Пьер Лакруа жооп катары Кыргызстанга министр атап кеткен тестирлөөнүн чоо-жайын талкуулоо үчүн БУУнун эксперттеринин сапары пландаштырылганын билдирди. Ошондой эле анын кеңсеси Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик талаа госпиталын БУУнун тынчтыкты сактоо миссиясына жөнөтүү маселелерин талкуулоону улантаарын белгиледи.

Жан-Пьер Лакруа министр Руслан Казакбаевге кайрылып, Кыргыз Республикасын Тынчтыкты сактоо операциялары боюнча биргелешкен милдеттенмелер жөнүндө Декларацияга кошулуусун өтүнүп, бүгүнкү күндө аны 154 мамлекет колдоп келгенин белгиледи.

Руслан Казакбаев Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоого берилгендигин ырастаарын айтты. Буга байланыштуу ал кыргыз тарап Декларацияга мүмкүн болушунча тезирээк кошулуу үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий