• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан быйыл 158 тонна бал экспорттогон

Экономика 0

Бишкек, 25.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, картошка, бакча өсүмдүктөрү, сүт жана азыктарын экспорттоодо өсүштөр бар.

"Пандемиянын шартында болсо да бал, өрүк, жаңгак аз-аздан болсо дагы экспортко чыгууда. Быйыл 534 миң долларга 158 тонна бал эскпорттолгон. Ал эми Баткендин кургатылган өрүгүнүн экспорту 1,5 миң тоннаны түздү. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине карата 4 миң 945 тонна кургатылган өрүк экспорттолгон. Быйыл Ысык-Көлдүн өрүктөрү көп экспорттолду. Ал 25 миң тоннадан ашты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий