• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан үчүн Россиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө - Жапаров

Президент 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. «Кыргызстан үчүн Россиянын орду жана ролу жөнүндөгү маселе теориялык эмес, практикалык мүнөздө экендигин баса белгилегим келет», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өкмөттүк «Слово Кыргызстана» гезитинин бүгүнкү, 19-февралдагы санына жарыяланган өзүнүн макаласында.

Мамлекет башчысы тыгыз кызматташуу кызыкчылыгы негизинен биздин улуттук кызыкчылыктарга багытталарын белгиледи.

«Алар, маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, улуттар аралык тынчтыкты жана ынтымакты сактоо, өлкөдөгү руханий жана гуманитардык тармактардын өнүгүшүнө түрткү берүү менен байланыштуу. Тарыхта кыргыз-орус элдеринин ортосундагы мамилелерде эч качан бири-биринен алыстап кетүүгө өбөлгө түзгөн көйгөйлөр жаралган эмес. Россия менен болгон алакаларды союздук жана стратегиялык өнөктөштүктүн эң жогорку деңгээлине жеткирүү багыты Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп берет. Кызматташтыкты чыңдоонун башка бир жолу жок экендигине ишенебиз жана республиканын тышкы саясатында бул багыт негизги орунду ээлейт», — деп белгиледи Президент.

Садыр Жапаров Россия өзүнүн кубаттуулугу жана интеграциялык долбоорлору менен мамлекеттик чек арасын бойлото тынчтыкты камсыз кылып, айланасында жигердүү өнүгүп жаткан аймакты түптөп жатканын айтты.

Президент алдыда боло турган иш сапар өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактар боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий