• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

“Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык”. Акжолдун жеңиштен кийинки маеги

Спорт 0

Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын уткан кыргызстандык балбан Акжол Махмудов жеңишинен кийин УТРК Спорт телеканалына маек курду.

“Сезимдер эң сонун. Чынын айтсам, Кыргызстан үчүн тарых жараткан мен үчүн чоң сыймык. Менин агайларым, ата-энем, жакындарымдын жана кыргыз элинин колдоосу менен жеңишке жетип отурам”, - дейт балбан.

Махмудов бүгүн, 12-сентябрда күрөшө турган Жоламан Шаршенбековдун жеңишине 100 пайыз ишенерин белгилеп өттү.

“Ал досумдан үлгү алам. Жоламан ушул күнгө чейин мени дүйнө чемпионатында кантип күрөшүү керектигин үйрөтүп келген. Анын алтын медаль утушуна чын жүрөктөн ишенем. Анткени Жоламан биздин командабыздын лидери”, - деди Махмудов.

Эскерте кетсек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Пикир

Оставить комментарий