• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул тууралуу агенттикке Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

““Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда ДүйшөмбүмНовосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранды”, - деп айтылат маалыматта.

Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыгары айтылат.

Пикир

Оставить комментарий