• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстан дагы 9 өлкөнүн жарандары үчүн визасыз режим киргизди

COVID - 19 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Өлкөдөгү туризм сектору өткөн жылдын жай мезгили COVID-19 пандемиясынын кесепеттеринен улам ийгиликтүү өтпөгөндүгүнө байланыштуу 2020-жылдын 1-июнунда ишмердигин жандандырды. Бул тууралуу КРнын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан виза режими жок өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтип, мурунку 52 өлкөгө дагы 9 өлкө кошулду. "Алар Албания, Болгария, Вьетнам Социалисттик Республикасы, Израиль мамлекети, Кипр Республикасы, Түштүк Македония Республикасы, Румыния, Таиланд Королдугу жана Мексика Кошмо Штаттары",-дейт ал

Пикир

Оставить комментарий