• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан дагы беш мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзөт

Саясат 0

Бишкек, 03.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Кирибати, Кабо-Верде, Науру, Мозамбик, Сент-Винсент, Гренадиндер өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө биргелешкен коммюникелердин долбоолорун жактырды.

Белгилей кетсек, Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан буга чейин дүйнөнүн 107 өлкөсү менен ушундай эле кызматташтык мамилелерди түзгөн. Эми ага дагы 5 мамлекет кошулганы турат. Бул өлкөлөр көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө, ошондуктан алар кайсы бир маселелерди чечүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтө алат.

Пикир

Оставить комментарий