• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР демилгелеген экологияны сактоо боюнча резолюция БУУнун Башкы Ассамблеясынын пленардык жыйынында кабыл алынды

Коом 0

Бишкек, 20.04.21./Кабар/. Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргыз Республикасы демилгелеген «Жаратылыш чек араны тааныбайт: Трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору» аттуу резолюция бир добуштан кабыл алынды.

Резолюцияны кабыл алуу учурунда, бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен катар, БУУнун 60 мүчө-мамлекети Кыргызстандын резолюциясына авторлош болуп чыгышты.

Резолюциянын негизги максаты «2030-жылга чейин туруктуу өнүгүүнүн күн тартиптери» программасын ишке ашыруунун принциптеринин негизинде жаратылыш ресурстарын ырааттуу пайдалануу менен келечек муундарды таза, коопсуз жана стабилдүү чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чаралар аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча трансчекаралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленген резолюция БУУнун мүчө мамлекеттеринин ортосундагы экология жаатындагы трансчекаралык байланыштар боюнча маселелерди чагылдырган БУУнун адистештирилген документтеринин бири болуп эсептелинет. Учурда анын эл аралык, регионалдык жана эки тараптуу деңгээлдерде актуалдуулугу артып барат.

Долбоор БУУнун Биоартүрдүүлүк жөнүндө конвенциясы, Миграциялануучу түрлөр жөнүндө конвенция, Рамсар конвенциясы жана Германия жаратылыш коргоо бирлиги (NABU) сыяктуу бир катар глобалдык экологиялык уюмдардын оң сунуштары менен колдоосуна ээ болду.

Резолюциянын бир добуштан кабыл алынышы жана ага дүйнөнүн 60 мамлекетинин авторлош болушу — бул Кыргыз Республикасынын демилгесинин актуалдуулугунун таанылышы жана эл аралык коомчулуктун климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана туруктуу өнүгүү маселелерин илгерилетүүдөгү колдоосун тастыктоо болуп саналат.

Бул резолюция Кыргызстандын ак илбирсти сактоо, тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, Нью-Йорк шаарында БУУнун алдындагы Тоолуу өлкөлөрдүн пикирлештер тобун түзүү жана башка багыттардагы жогору бааланган экология жаатындагы ийгиликтүү демилгелердин органикалык уландысы болуп калд

Пикир

Оставить комментарий