• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан дискриминациянын бардык түрүнө каршы, анын ичине тил дагы кирет – президенттин аппараты

Коом 0

Бишкек, 03.04.19. /Кабар/. Мамлекеттик тил Кыргызстанда жарандык интеграциянын тили болуп, жарандык коомду курууда башкы ролду ойношу керек. Бул тууралуу КР президентинин аппаратынын жарандык өнүгүү, дин жана этникалык саясат бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов Бишкекте өткөн конференцияда билдирди.

Өлкөнүн баардык билим берүү мекемелеринде эл аралык талаптарга жооп берген методология жана мамлекеттик тил боюнча сабак берүүнүн технологияларын иштеп чыгуу боюнча илимий-практикалык конференция өтүүдө. Ал иш-чара КРнын президенти алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан демилгеленген.

Тажиматов өз сөзүндө өтүп жаткан талкуулардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, алар кайсы маселелерди чечүүгө багытталгандыгы тууралуу айтып берди.

“Конференция кыргыз тилин үйрөтүү ыкмаларын дүйнөлүк стандарттарга жакындатууга арналган. Өзүңөр билгендей, бүгүнкү күндө тилдер боюнча мамлекеттик саясатты ишке киргизүү боюнча программа бар. Анын алкагында тилдерди үйрөнүүнү жана сабак берүү ыкмаларын жеңилдетүү боюнча бир нече иш-чаралар өтүүдө”, - деди ал.

Аны менен бирге, ал мамлекеттик тилге жасалган өзгөчө мамилеге карабастан, бир да тил дискриминацияга кабылбашы керек, деп баса белгиледи.

“Биз биринчи кезекте кыргыз тилин үйрөнүүгө бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Кыргызстан дискриминациянын бардык түрүнө каршы, анын ичине тил дагы кирет. Ошондуктан туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегиясында КР келечекте өзүнүн жарандарын көп тилдүү көргүсү келээри белгиленген. Ошол тилдердин ичинде өзгөчө ролду мамлекеттик тил ойнойт”, - деди Тажиматов.

Пикир

Оставить комментарий