• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Doing Business-2019 рейтингинде 70-орунду ээлеп, көрсөткүчтөрү 7 позицияга жогорулады

Экономика 0

Бишкек, 12.04.19. /Кабар/. Кыргызстан «Бизнес жүргүзүү - 2019» (Doing Business) рейтингинде 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеп, «Бизнес жүргүзүү – 2018» отчетуна салыштырганда көрсөткүчтөрү 7 позицияга жогорулаган.

Дүйнөлүк банктын бөлүмдөрүнүн бири даярдоочу ар жылдык рейтинг ар кайсы өлкөлөрдө бизнес жүргүзүү үчүн чөйрөнүн абалын чагылдырат жана бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган натыйжаларды жакшыртуу үчүн ориентирлердин бири болуп саналат.

Глобалдык атаандашууга жөндөмдүүлүк жөнүндө 2018-жылдагы отчеттун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын ушул индекси боюнча позициясы өткөн жылга салыштырмалуу 5 орунга жогорулаган (97-орун), отчеттук мезгилде изилдөөгө катышкан өлкөлөрдүн саны 140 (2017-жылы – 137 өлкө) мамлекетти түзгөн.

Мыедан тышкары ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, алардын укуктук корголушун камсыздоо, мамлекеттик контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн четтетүү максатында, ошондой эле жагымдуу инвестициялык чөйрөнү калыптандыруу боюнча чаралардын алкагында 2019-жылдын 1-январынан тартып ишкердик субъекттерин текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргизилген.

Ушул мораторийдин күчү төмөнкү текшерүүлөргө жайылтылбайт:

- жазык, административдик жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагындагы;

- ишкердик субъекттердин арыздары боюнча;

- башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

- калктын ден соолугуна жана өмүрүнө жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген фактылар боюнча жеке жана юридикалык жактардын арыздары боюнча.

Пикир

Оставить комментарий