• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Doing Business рейтингинде өз көрсөткүчтөрүн жакшыртты

Экономика 0

Бишкек, 02.11.18. /Кабар/. Дүйнөлүк Банктын кезектеги «Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) иликтөөсүндө Кыргыз Республикасы рейтингде өз көрсөткүчтөрүн 7 позицияга жакшыртып, 77-орундан 70-орунга көтөрүлдү.

Мында алдыңкы чектен болгон айырмачылык 2,57 пунктка кыскартылып, 68,33 баллды түздү.

«Doing Business» (Бизнес жүргүзүү) дүйнөнүн 190 өлкөсүндө бизнести жөнгө салуу боюнча укук колдонуу тажрыйбасын жана мыйзамды баалаган иликтөө болуп саналат.
Кыргыз Республикасы тарабынан төмөнкү багыттар боюнча реформалар жүргүзүлгөн:

- Салык төлөө жөндөмсүздүгүнө уруксаат алуу

Карыздар ишкананын ишин улантуу мүмкүнчүлүгү киргизилген жана кредитордун карыздар тараптын финансылдык абалы тууралуу маалыматка жеткиликтүүлүгү сунушталган.

- Миноритардык кызыкчылыктарды коргоо

Миноритардык акционерлердин ролу жана укугу кеңейтилген, директорлор кеңешинин көзкарандысыздыгы чыңдалган; туунду ишкана аркылуу башкы компаниядан акция алууга тыюу киргизилген.

- Эл аралык соода

ЕАЭБ алкагында экспорттук операциялар, анын ичинде бажылык тариздөө убактысы жеңилдетилди.

- Келишимдерди аткарууну камсыздоо

Иш жана медиация процедуралары боюнча өндүрүштү уюштуруу ыкмасы катары сотко чейинки кеңешме процедуралары киргизилди.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы дүйнөдө 8-орунда болуу менен «Менчикти каттоо» көрсөткүчү боюнча алдынкы позицияларды ээлөөнү улантууда.

Өлкөнүн «Салык салуу» жана «Электр менен камсыздоого кошулуу» индикаторлору боюнча көрсөткүчтөрү төмөн.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2022-жж. карата «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасында Кыргыз Республикасынын бизнести жүргүзүү жеңилдиги боюнча 50 өлкөнүн катарына кирүүсү каралган. Анын ичинде Өкмөттүн аракеттери бул рейтингдин төмөнкү аракеттерин: электр түйүндөрүнө кошулуу, салык салуу тармагында процесстерди жакшыртуу, келишимдерди аткаруу жана салык төлөөгө жөндөмсүздүк уруксатын жакшыртууга багытталат.

Рейтингде биринчи орунду кайрадан Жаңы Зеландия ээледи.

Рейтингде Кыргыз Республикасы Украина, Греция, Индия, Монголия жана башкалардан жогору жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий