• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан Дохада өтүп жаткан «Жибек жолу» көргөзмөсүнө катышууда

Экономика 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Кыргызстан Катардын Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык «Жибек жолу» көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чаранын ачылыш аземинин алкагында Кыргызстандын Катардагы элчиси Эшимбеков аталган көргөзмөнүн башкы уюштуруучусу Катардын Транспорт жана коммуникация министри Жассим бин Ахмед Аль-Сулайтини куттуктады.

Кыргызстандын экспорттук азыктарын Катарга жылдыруу үчүн элчилик Катардын «Виллажия» соода борборунда өзүнүн атайын дүкөнүн ачкан «Маңыз» компаниясына жогорудагы көргөзмөсүнө көмөк көрсөттү. Аталган павильондо Кыргыз Республикасынын ар түрдүү бал азыктары жана кургатылган мөмө-жемиштери көрсөтүлүүдө.

Андан тышкары, көргөзмөнүн алкагында элчиликтин өкүлдөрү кыргыз азыктарын Катарга экспорттоого кызыкдар компаниялар менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий