• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан Дубайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда

Экономика 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Кыргызстан Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты) өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк «Экспо -2020» көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара 30-сентябрда башталган, анда 180 ашуун өлкөнүн өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышууда. Көргөзмө «Акыл-эсти бириктирүү аркылуу жаркын келечек курабыз» чакырыгы астында өтүүдө.

Болжолдонгондой, Кыргызстандын павильону 6 ай бою көчмөн жашоо үлгүсүнө негизделген кыргыз элинин маданиятын, салт-санасын тартуулаган экспозицияны сунуштамакчы. Көрүүчүлөр үчүн виртуалдык турга чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, экспозиция видео жана маалыматтык материалдарды көрсөтүү аркылуу туризмди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. Ошондой эле стендде кургакчыл аймактарды сугат менен камсыздоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери жана алардын продукциялары сунушталат.

2021-жылдын 14-декабрында маданий жана ишкердик программалар камтылган Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өткөрүлөт. Ишкер программанын алкагында кыргыз-араб бизнес форуму, кыргыз экспорттук продукцияларынын көргөзмөсү жана туристтик форум өтөт.

Пикир

Оставить комментарий