• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан ЕАЭБ алкагындагы дагы бир Макулдашууга кошулду

Президент 0

Бишкек, 11.12.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий