• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 28,5 миң тоннадан ашык өрүк экспорттоду

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө 28,5 миң тоннадан ашык өрүк экспорттоду. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, 17-августка карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө 28 миң 559,1 тонна өрүк экспорттолуп, ал былтыркыга салыштырмалуу 9 миң 206,1 тоннага көп болгон.

“Россияга 23 миң 916,4 тонна, Казакстанга 4 миң 519,4 тонна жана Беларуска 123,1 тонна өрүк экспорттолгон. Министрликтин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу өсүмдүктөрдүн карантини боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары менен ЕАЭБдин аймагында айыл чарба продукцияларын тоскоолдуксуз экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Буга байланыштуу бүгүнкү күндө ЕАЭБдин аймагында айыл чарба продукциясын экспорттоого бөгөт коюлган көйгөйлөр жок”, - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий