• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан ЕАЭБде улуттук валютаны пайдаланууну колдойт

Президент 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. "Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин финансылык туруктуулугунун өтө маанилүү аспектиси болуп улуттук валюталардагы төлөмдөрдүн алда канча алдын ала жана туруктуу алгоритмдерине жана формаларына өтүү саналат", - деп билдирди Кыргызстандын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин төрагасы Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, ЖЕЭКтин видеоконференция форматындагы жыйынында.

Анын айтуусуна караганда, бул геосаясий кырдаал курчуп бараткан азыркы реалдуулукта өзгөчө маанилүү.

"Улуттук экономикага импорттук инфляциянын басымын азайтуунун, чет өлкө валюталарынын курсунун өзгөрмөлүүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди тегиздөөнүн факторлорунун бири катары товарлар үчүн өз ара төлөмдөрдө улуттук валюталарды пайдалануу Кыргызстан тарабынан толук колдоого алынууда", - деп кошумчалады Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий