• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстан ЕАЭКтеги министрлерин чакыртып алууну пландаган жок – Асрандиев

ЕАЭБ 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Кыргызстан Евразиялык экономикалык комиссиядагы (ЕАЭК) министрлерин чакыртып алууну пландаган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, министрлерди чакыртып алуу боюнча маселе болгон эмес.

Белгилей кетсек буга чейин бир катар ММКлар кыргыз-казак чек арасындагы маселелерге байланыштуу Кыргызстан ЕАЭКтеги министрлерин чакыртып алууну пландап жатат деп жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий