• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан ЕККУнун алкагында иштөө үчүн маанилүү мамлекеттердин бири – Анн Линде

Саясат 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Демократиялык институт жана адам укуктары боюнча бюро жана Венеция комиссиясы конституциялык түзүм жана демократиялык принциптерди жакшыртууда Кыргызстанга жардам көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуунун жыйынтыгында Европада коопсуздук жана келишим уюмунун азыркы төрайымы, Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде билдирди, ал учурда иш сапары менен Бишкекте жүрөт.

Ал ЕККУ Кыргызстанды алдыдагы парламенттик шайлоону өткөрүү маселесинде бардык талапты сактоодо колдой тургандыгын белгиледи.

“Кыргызстан ЕККУнун алкагында иштөө үчүн маанилүү мамлекеттердин бири болуп саналат. Мен биздин Бишкектеги программалык кеңсебиз аскердик-саясий, экономикалык жана экологиялык өлчөмгө негизделген, андан тышкары адам укуктарына байланыштуу ишин уланта берет ишенем. Биз мындан ары дагы артыкчылыктарды иштеп чыгуу боюнча иштерди улантабыз деп ойлойм", - деди ал.

ЕККУ башчысы Кыргызстанда түзүлгөн ЕККУнун академиясына дагы көңул буруп, академия Борбордук Азиядагы флагман болуп саналат, ал аймакта коопсуздук жана тынчтыкты куруу жаатында билим берүүгө көмөктөшөт деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий