• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргызстан ЕККУнун жаштар жана коопсуздук боюнча Венада өткөн жыйынына теңтөрагалык кылды

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-мартында Венада ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун Үчилтик форматындагы биринчи жыйыны болуп өттү. Жыйын Испаниянын төрагалыгы астында өтүп, ага топтун теңтөрагалары: Кыргызстан жана АКШ катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Испаниянын тышкы иштер, ЕБ жана кызматташтык боюнча министри А.Г.Лайя, ЕККУнун башкы катчысы Х.Шмид, ЕККУнун Туруктуу кеңешинин төрагасы, Швециянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү У.Фунеред, Швеция төрагалыгынын жаштар жана коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Р.Марбинах жана башкалар катышты.

Жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун тең төрагасы, Кыргыз Республикасынын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Б.Жусупов өзүнүн куттуктоо сөзүндө жаштар жана коопсуздук темасын Кыргызстан менен биргеликте өнүктүрүүгө колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн Испаниянын жана АКШнын ЕККУдагы делегацияларынын башчыларына ыраазычылык билдирди.

Туруктуу өкүл Үчилтик форматындагы топко теңтөрагалык кылууда кыргыз тарабынын өз салымын кошууга даярдыгын, Кыргызстан - бул жаш демократия жана өлкөнүн бул топко теңтөрагалык кылуусу ЕККУнун Борбор Азиядагы уникалдуу билим берүү долбоору болгон ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендигин белгиледи. Аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргызстандын демилгеси менен 2002-жылы негизделген Академия бүгүнкү күндө жаш адистердин илимий-изилдөөлөрүн колдоп келет.

Б.Жусупов ошондой эле, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин жаштардын демилгелерин колдоого багытталган аракеттерин кубаттады жана жаштар боюнча күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн бардык кызыкдар тараптарды ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ресурстарын колдонууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий