• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан ЕККУнун жаштар жана коопсуздук боюнча жыйынына теңтөрагалык кылды

Коом 0

Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Кыргызстан Европада коопсуздук келишим уюмунун (ЕККУ) жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун үчилтик форматындагы экинчи жыйынына теңтөрагалык кылды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 4-июнунда Венада ЕККУдагы жаштар жана коопсуздук боюнча Достор тобунун үчилтик форматындагы экинчи жыйыны болуп өттү. Жыйын АКШнын төрагалыгы астында өтүп, ага топтун теңтөрагалары Кыргызстан жана Испания катышты.

Достор тобунун тең төрагасы, КР ЕККУдагы туруктуу өкүлү Бакыт Жусупов өзүнүн киришүү сөзүндө жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ЕККУнун экинчи өлчөмдөгү механизмдерин колдонуу аркылуу жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорду колдоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүүгө өнөктөштөрдү чакырды.

Ошондой эле жаштардын өнүгүүсүндө негизги факторлордун бири билим берүү экендигине көңүл буруу менен, туруктуу өкүл ЕККУну Бишкектеги академиясынын мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө жана кеңейтүүгө чакырды.

Достор тобунун Кыргызстандын төрагалыгы астында өтүүчү үчүнчү жыйыны 2021-жылдын сентябрь-октябрь айларына пландаштырылды.

Пикир

Оставить комментарий