• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан экономикалык кылмыштуулукка шектелген жаранды Кытайга өткөрүп берди

Коом 0

Бишкек, 27.04.21. /Кабар/. Кыргызстан экономикалык кылмыштуулукка шектелген жаранды Кытайга өткөрүп берди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин экономикалык чөйрөдөгү алдамчылык боюнча жазык жоопкерчиликке тартуу үчүн, Кытайдын жараны Ян Янхуэйди өткөрүп берүү жөнүндөгү суроо-талабы канааттандырылды.

Ушул жылдын февраль айында эл аралык издөөнүн фигуранты Чүй облусунун аймагында КР ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери жана ИИМдин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан кармалган.

Жогоруда аталган адамды өткөрүп берүүнү уюштуруу КР Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына тапшырылган.

2021-жылынын 23-апрелинде издөөнүн фигуранты “Торугарт-автожол” чек ара посту аркылуу Кытайдын компетенттүү органдарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий