• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 11-16.12.17.

Аналитика 0

Отчеттук карыз. КР Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын 11 айында салык отчетторун бербеген 25 миң 458 ишкерлик субъекттерин табышкан. Алардын ичинен 5 миң 432си юридикалык жактар, 10 миң 321и жеке ишкерлер, дагы 2 миң 831и дыйкан чарбалары жана 6 миң 874 физикалык жактар.

Ипотекадагы саамалык. 2017-жылдын аягына чейин “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы ипотекалык баалуу кагаздарды (ИБК) чыгарууну пландап жатат. ИБК Кыргызстандын турак жай тармагын өнүктүрүүнүн таасирдүү куралдарынын бири. Дүйнө жүзү боюнча ИБК ипотекалык насыялардын баасынын төмөндөшүнө таасир берип, турак жай алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыздады. Алардын артыкчылыгы чыныгы күрөө - кыймылсыз мүлктү камсыздоосу, бул аларды инвесторлор үчүн жагымдуу кылат.

БДСУ жана бюрократиянын төмөндөшү. Кыргызстан Буткүл дүйнөлүк соода уюмунун министрлик конференциясында соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, бюрократиялык процедураларды азайтуу жана чек аралардан товарларды өткөрүү боюнча көп жактуу келишимди кабыл алуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Аргентинанын борборундагы БДСУ конференциясына Кыргызстандан экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров катышты.

Ал көп жактуу талкууда Кыргызстанды тааныштырып, деңизге жакын эмес өлкөлөр транзиттик жолдор багытында коңшу өлкөлөрдөн көз каранды экенин, транзит катары кызмат өтөгөн экинчи өлкө башкасына улуттук максаттарына жетүүдө жолтоо болуусунан алсыз экенин белгиледи.

Бузууларсыз. Кыргызстан БДСУ келишимдеринин эрежелерине жана нормаларына ылайык тарифтик эмес чараларды колдонот. Аргентинадагы БДСУнун 11-чи Министрлик Конференциясына катышуу учурунда КР экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Кыргызстан БДСУнун жалпы кабыл алынган эрежелерин бузбай келерин айтты.

Паенлдик талкууда Абакиров тарифтик эмес чаралар соодага терс таасирин тийгизерин жана өлкөлөр тарабынан жеке кызыкчылыктарда колдонулбашы керектигин билдирди.

Базарга айып салынды. Мамэкотехинспекциянын талаптарын өз убагында аткарбагандыгы үчүн Кара-Суу базарынын элерине 195 000 сом айып салынды. Тагыраак айтканда, инспекторлор тарабынан Кара-Суу базарын текшерүү учурунда баш аламан соода күркөлөр, контейнерлер жана долбоордон сырткары курулуштар жайгашкандыгы аныкталган.

Буга чейин Мамэкотехинспекция тарабынан өткөрүлгөн машыгууларда баш аламан жайгашкан курулуштардан улам, өрт өчүрүүчү унаалардын Кара-Суу базарына кирип чыгуусу мүмкүн болбой калганы белгиленген. Ошондой эле энергетикалык, өрт, курулуш коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер аныкталган. Жеринде инспекторлор кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча Кара-Суу базарынын жетекчилигине эскертүүлөрдү беришкен.

Өзбек инвестициялары. Кыргызстандын ишкерлери Өзбекстан менен алакаларын жакшыртууда колдонуусу үчүн Ташкент 100 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун расмий сапарынын жыйынтыктары боюнча Бишкекте журналисттер менен жолугушууда экономика министри Новиков билдирди.

Анын айтымында, соода-экономикалык багыт абдан позитивдүү өттү. Соода-экономикалык сессия өттү. Анда 350дөн ашуун КР жана ӨР ишкерлери катышышты.

Новиков белгилегендей, жолугушуунун жыйынтыктары боюнча кыргыз продукциясын Өзбекстанга ташуу боюнча экспорттук, ошондой эле импорттук келишимдер аныкталды.

Министр каржылык кызматташуу жөнүндө келишимде өзбек тарап каржылык-насыялык мекемелер багытында кыргыз каржы мекемелерине 100 млн доллар бөлө турганы каралганын түшүндүрдү. Анын айтымында, каражат өзбек товарларын импорттоо үчүн берилет.

«Насыялардын бардыгы каржы коммерциялык банктар тарабынан өтөт. Алар боюнча мамлекет эч кандай мамлекеттик кепилдик албайт. Бардык деталдары Кыргызстан менен Өзбекстандын насыя мекемелери ортосундагы өзүнчө макулдашуу менен иштелип чыгат», - деди ал.

Активдүү аймактар. Кыргызстандын товар жүргүртүүсүнүн 80% Россиянын аймактарына туура келет. Бул тууралуу кыргыз-россия аймактар аралык алтынчы жыйындын жүрүшүндө КР вице-премьери Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына караганда, кызматташуу бир гана эки өлкө борборунда эмес.

“Россия менен Кыргызстан соода-экономикалык өнөктөштөрдөн болуп саналат. Бул жыйын Москва менен Бишкектин гана ортосунда байланыш бар экендигин көрсөтүп турбайт. Себеби дегенде 80% товар жүргүртүү Россиянын аймактарына барат”,-деп билдирип, Абдыгулов потенциал кенен экендигин кошумчалады.

Сунуш болушу мүмкүн. “Энергетика боюнча долбоорлорду биринчи этапта баштаганбыз, бирок ишке ашпай калганы тема жабылганын билдирбейт”,-деп билдирди Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович VI кыргыз-россия аймактар аралык жыйындын жыйынтыгы боюнча.

Ал “россиялык тарап бул продукцияны сатууга жетиштүү рыноктун пайда болушу менен биз бул долбоорлорду жандандыра алабыз”, -деп билдирди.

Жогорку Нарын ГЭС каскады боюнча суроого жооп берип жатып, бул долбоор боюнча дагы деп жооп берди.

Бажысыз мунай зат. 2018-жылы Россия Кыргызстанга 1 млн тонна нефти жана нефти продуктуларын бажысыз берүүгө даярдыгын Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович VI кыргыз-россия аймактар аралык жыйында билдирди.

ЕАЭБ бирдиктүү валютасы болушу мүмкүн. ЕАЭБ алкагында бирдиктүү валюта киргизүү эксперттик деңгээлде талкууланып жатат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн VI кыргыз-россия аймактар аралык жыйында Россиянын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович билдирди. Анын айтымында, бирдиктү валюта идеясы мезгил мезгили менен көтөрүлүп, бирок расмий деңгээлде талкуулана элек.

РФтеги “Пятерочка”. Кыргызстан россиялык “X5 Retail Group” компаниясы менен келишимге кол койду. Ал белгилүү «Пятерочка», «Перекресток», «Карусель» соода түйүндөрүн башкарат.

Документке кыргыз-россия аймактар аралык 6-конференциясынын алкагында кол коюлду. Компания Сибирде жаңы дүкөндөрдү ачканы турат.

“Биз сапаттуу продукцияларды ташуучулар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Биз органикалык, айыл чарба продуктуларын, жашылча жана жемиштерди белгилеп койдук. РФ дүкөндөрүндө эң сапаттуу азыктардын пайда болушун каалайбыз. Эт продукциялары, суусундук боюнча дагы көптөгөн сунуштар болду”, - деди компаниянын өкүлү.

Жыйынтыктар. “Ала-Арча” мамрезиденциясында 2017-жылдын 15-декабрында 6-чы россия-кыргыз аймактар аралык конференциянын жүрүшүндө эки тараптуу документтерге кол коюлганын КР Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Төмөнкү документтерге кол коюлду

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Татарстан Өкмөтүнүн ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташуу тууралуу келишим.
  • «УК Мечел-Сталь» жана «Кыргыз темир жолу» МИ ортосундагы кызматташуу жөнүндө Меморандум.
  • “Росэксимбанк” менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы алкактык насыялык келишим.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий