• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ысык-Көлдө беш туристтик база курууга эл аралык донорлор каражат берет

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндөгү макулдашуунун долбооруна (Борбор Азиядагы регионалдык жол катнаштарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасы долбоору) макулдугун берди.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеногвдун айтымында, макулдашуу долбооруна ылайык, алынган каражатка Түп-Кеген автожолунда жайгашкан «Каркыра» туристтик базасына чейинки 15 чакырым жол курулат.

«Каражаттын калган бөлүгү Жарандык авиация агенттигинин ишин жандандырууга жана Ысык-Көлдөгү 5 туристтик базанын курулушуна жумшалмакчы», - деди ал.

Андан тышкары, макулдашуу долбоорунда 55 млн доллар каралганы, анын жарымы 0,75 пайыздуу жеӊилдетилген насыя, калган бөлүгү гранттык каражат болуп саналары, ал 18 жылдык мөөнөткө берилип жатканы белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий