• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Эл аралык Түрк академиясы уюштурган эл аралык көргөзмөгө катышат

Маданият 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова Эл аралык Түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев менен жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар маданият тармагындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Шаин Мустафаев Гейдар Алиев фонду менен биргеликте боло турган Жибек Жолунун тарыхы боюнча эл аралык көргөзмө тууралуу маалымат берип, кыргыз тарапты көргөзмөгө катышууга чакырды.

Айнура Аскарова өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, башка түрк мамлекеттери менен катар Кыргызстан да өзүнүн бай маданий мурасын толук көрсөтө ала турганын кошумчалап, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген үч объектини мисал келтирди.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Эл аралык Түрк академиясына Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды, симпозиумдарды, чыгармачылык кечелерди ж.б. өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Академия бул сунушту биргелешип иштеп чыгууга кызыкдар экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий