• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын өкүлдөрүнө “Кыргыз жараны” концепциясы тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 2021-2026-жылдары Кыргызстанда “Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн” концепциясынын презентациясын жасады.

Презентация кечээ, 24-ноябрь күнү ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсеси менен биргеликте “Чыр-чатактардын эртелеп алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын этникалык коомдук бирикмелеринин төрагалары жана өкүлдөрү үчүн жасалган.

Агенттиктин директору Бахтияр Салиев жыйындын катышуучуларына концепция жөнүндө жана анын негизги багыттары тууралуу айтып берген. Ошондой эле, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын долбоорунун даярдалышы жөнүндө маалымат берип, коцепциянын иш-чаралар планын ишке ашырууда Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын этникалык коомдук бирикмелеринин ролу тууралуу айтып өткөн.

Презентациянын жүрүшүндө агенттиктин директорунун орун басары Эсенбек Тогонбаев жана концепцияны иштеп чыккандар анын максаттары, милдеттери, артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берген.

Жолугушууга катышкандар концепциянын негизги пункттары боюнча өз ойлору менен бөлүшүп, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууга жардам берүүгө даяр экендигин белгилешкен.

Иш-чаранын соңунда концепцияны иштеп чыгууга салым кошкон жумушчу топтун мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер менен сыйланышкан.

Пикир

Оставить комментарий