• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан электр жарыгын өчүрбөстөн кыштан чыгып кете алат. Бирок бир шарт бар

Коом 0


Бишкек, 03.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын облус, шаарларында электр жарыгы ашыкча колдонулуп, коюлган лимиттен ашып кетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААК башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, ашыкча лимит — 767 млн кВт саатты түзөт.

“Учурдан пайдаланып жарандарыбызга кайрылып кетет элем. Электр жарыгын үнөмдөп колдонсок, кыштан чыгып кетебиз. Маал-маалы менен өчүрүү болбойт. 1-ноябрга чейин пландалган оңдоп-түзөө иштери аяктады. Эми өчүрүүлөр болбойт, айрым жерлерде гана авариялык өчүрүүлөр болушу мүмкүн”, - дейт ал.

Байгазиев өткөн жылга салыштырмалуу өлкө боюнча электр кубатын суткасына 2-3 млн кВт саатка көп колдонулуп жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, октябрь айына карата Кыргызстандын энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 1 млрд 396 млн 957 миң кВт сатты түздү.

Пикир

Оставить комментарий