• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгына арналып конференция өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 29.03.19. /Кабар/. Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын 25 жылдыгына арналып "Кыргыз жараны" жарандык интеграцияны өнүктүрүү - элдин биримдигинин негизи" аттуу конференция өткөрүлдү.

Ассамблея 1994-жылы 22-январда улуттук маданий борборлордун демилгеси менен Кыргызстан Элинин I-Курултайында Кыргызстан Элинин Ассамблеясы (КЭА) болуп түзүлгөн.

"Кыргызстан Элинин Ассамблеясынын негизги максаты улуттар аралык ынтымакты, жарандык тынчтыкты бекемдөө болуп келет. Ассамблея зарыл болгон бир максат менен түптөлгөн - ал өлкөнүн бардык жарандарынын кыргыз жараны экендигин, кыргыз жери алардын жери экендигин так жана ачык таануусу", - деп билдиришти Ассамблеядан.

Ассамблея Кыргызстан элинин ынтымагын жана биримдигин бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн Кыргыз Республикасынын "Данакер" ордени менен сыйланган.

Азыркы учурда Ассамблеянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Зухра Шидакова эмгектенип жатат.

Пикир

Оставить комментарий