• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Европа өлкөлөрүнө көмүр экспорттой баштады

Экономика 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Кыргызстан Европа биримдигинин Латвия жана Польша сыяктуу өлкөлөрүнө көмүр жеткире баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасы” бюллетенинде айтылат.

Документтеги маалыматка караганда, 2022-жылдын январь-апрелинде Кыргызстан 88 миң долларга, же 7 млн 255,5 миң сомго Польшага 2 миң 933,4 тонна, ал эми 143 миң доллар, же 13 млн 728,6 миң сомго Латвияга 1 миң 787 тонна көмүр экспорттогон.

"Таш көмүрдүн көп бөлүгү Өзбекстанга экспорттолот, үстүбүздөгү жылдын 4 айында 3 млн 297 миң долларга 104 миң 408 тонна жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий