• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

«Кыргызстан» фракциясы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамагенттигинин ишине канааттанган жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясынын кезектеги жыйынында КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2015-2018-жылдардагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду.

Жыйын жүрүшүндө бир катар депутаттар Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ишин сынга алышты. Айрыкча социалдык объектилерди куруу жаатында өткөрүлгөн тендерлерде кыйла мүчүлүштүктөр бар экени белгиленди. Мисалы, тендерде утуп алган курулуш компаниялары бирдей объектилерди ар кандай баада курууда. Ошону менен бирге, бааларда да чоӊ айырмачылыктар бар.

Талкуу жыйынтыгында парламенттик фракция Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилик курамын кайра караш керек же анын агенттиктин кызматкерлер курамын толугу менен алмаштыруу керек деген бүтүмгө келди. Ошондой эле, Өкмөткө мекеменин төрагасынын жоопкерчилигин кароо сунушу берилди.

Пикир

Оставить комментарий