• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Франция менен Италияда элчилик ачууну караштырып жатат

Саясат 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Кыргызстан Франция менен Италияда өз элчилигин ачууну караштырып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев Бишкекте өткөн брифингде кабарлады.

Анын маалыматына караганда, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгы абдан жемиштүү болду. Чоң тыныгуудан кийин үстүбүздөгү жылдын март айында КРнын чет элдик мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу өттү. Ошондой эле, чет элдик мекемелердеги КРнын ардактуу консулдарынын жолугушуусу да өткөрүлгөн.

“Новосибирск шаарында Башкы консулдук ачылган. Россиянын аймактарында (Якутск, Иркутск,Сургут, Южно-Сахалинск) КРнын элчилигинин 4 Канцеляриясы ачылууда. Ошондой эле Франция жана Италияда Кыргызстандын элчилигин ачуу боюнча иштер жүрүүдө. Ал эми Бишкекте Монголиянын элчилиги ачылган”, - дейт Дыйканбаев.

Пикир

Оставить комментарий