• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Францияга жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады

Экономика 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кыргызстан Францияга жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Париж шаарында КР финансы министринин орун басары Руслан Татиков менен Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Париж клубунун башкы катчысы Филипп Гайон Дюперат жана Франциянын Экономика-финансы департаментинин директору Винсент Принго менен жолугушту.

Белгиленгендей, жолугушууну КР президенти Садыр Жапаровдун мамлекеттик тышкы карызды жашыл демилгелерге алмашуу курсун ишке ашыруу максатында кыргыз тарап демилгелеген.

Министрдин орун басары Руслан Татиков Кыргызстан бардык эки тараптуу кредиторлор менен курчап турган чөйрөнү коргоо, экология тармагындагы долбоорлорго, ошондой эле социалдык жактан маанилүү тармактарга карызды алмашуу сунушу менен иштеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары, Париж клубуна дүйнөдөгү экологиялык абалды жакшыртууга биргелешкен салым кошо турган Кыргызстанда Трасттык фонд түзүү аркылуу жашыл долбоорлорду ишке ашырууга катышуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында француз тарап менен Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлору үчүн жана техникалык-экономикалык негиздемени жана бизнес-пландарды даярдоого 60 млн еврого чейин кредиттик линияны ачуу, ошондой эле 500 миң еврого чейин грантка каражат бөлүү боюнча макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий