• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстан француз тарапка кош салык салууну болтурбоо боюнча келишим түзүүнү сунуштады

Саясат 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 13-декабрында Париж шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Париж клубунун вице-президенти Кристоф Бори, Франциянын Экономика жана финансы министрлигинин Көп тараптуу каржы маселелери жана өнүктүрүү боюнча департаментинин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-француз өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү, биргеликте бизнес-форумду уюштуруу, Франциянын Өнүктүрүү агенттиги аркылуу энергетика, суу менен камсыздоо, саламаттык сактоо, билим берүү, курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен бекемдөө маанилүүлүгү экендиги белгиленди.

Мындан тышкары, инвестициялык кызматташууну мындан ары тереңдетүү максатында француз тарапка кош салык салууну болтурбоо жана инвестицияларды коргоо боюнча келишим түзүү сунушталды.

Кыргызстандын Париж клубу менен өз ара аракеттенүүсүнө, тактап айтканда, карызды туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмаштыруу механизмин колдонуу аркылуу тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий