• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан газдын баасын төмөндөтүү маселесин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен Россияга кайрылды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү реалдуулук өнөктөш-өлкөлөр менен кызматташууну активдештирүүнү талап кылат. Россия Федерациясы биздин башкы өнөктөш. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Андрей Оверчук менен онлайн-жолугушуу учурунда айтты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«COVID-19 адамдардын жашоосуна жана пландарыбызга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ошол эле учурда биз алдыга карай бет алып, экономикалык кызматташууну кеңейтүүбүз керектиги айкын. Белгилей кетсем, эки жактуу өз ара иштешүү боюнча бардык сунуштар россиялык тараптын колдоосуна ээ болууда. Бардык макулдашуулар боюнча иштер улантылууда», - деп белгиледи Эркин Асрандиев.

Жолугушууда козголгон маанилүү маселелердин бири жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү болду.

«Бул биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасынын төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгүнүн кыскарышына алып келди. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы маселесин кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул суроону бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оңдуу жооп алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле антикризистик чаралардын экинчи пакетинин алкагында бизнести каржылоодо Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун бош каражаттарын пайдалануу мүмкүндүгүн карап чыгуу сунушталууда», - деди вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Россия тарап Кыргыз Республикасынын сунушун карап чыгууга убада берди.

Жолугушууда бир катар маселелер, анын ичинде Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасынын бажы органдарына техникалык жардам көрсөтүүсү, товарларды маркировкалоонун жүрүшү жана салык чогултуу боюнча маселер каралды.

Тараптар жарыяланган Кайчылаш жылдын алкагындагы иш-чаралардын планын аткарууну жандандыруунун зарылдыгы тууралуу бир пикирге келишти.

Пикир

Оставить комментарий