• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Грузия кызматташтыгына 25 жыл

Президент 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Грузиянын Президенти Георгий Магвелашвили өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Чейрек кылымдын аралыгында биргелешкен аракеттер менен өлкөлөрүбүз саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну жөнгө салып, өз ара аракеттенишүүнүн натыйжалуу механизмдерин түзүүгө жетишти.

Салттуу достукка жана өз ара түшүнүшүүгө негизденген кыргыз-грузин мамилелерин мындан ары чыңдоо зарылдыгына пикирибиз бир экендигин көрсөткөндүгүбүз өткөн жылы Грузияга жасаган расмий сапарымдын маанилүү жыйынтыгы болду деп эсептейм”, -деп белгиленет Кыргызстандын Президентинин куттуктоосунда.

Алмазбек Атамбаев кыргыз тарап өз ара кызыгуу туудурган бардык чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө толук даяр экендигин билдирди. Грузиянын Президентине чың ден соолук, бакыт-таалай, эсенчилик, мамлекеттик ишмердигинде зор ийгиликтерди, ал эми достук мамиледеги грузин элине - тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Президент Георгий Магвелашвили өз куттуктоосунда кыска мезгилдин аралыгында Кыргызстан менен Грузия эки тараптуу деңгээлде дагы, эл аралык аренада дагы өз ара пайдалуу өнөктөштүккө чейин жетише алгандыгын белгиледи.

“Грузия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы тарыхий достук жана кызматташтык мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн чыңдалып жана өнүгө берет деп ишенем”, -деп белгиленет куттуктоодо.

Георгий Магвелашвили Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий