• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан январь-апрелде мамлекеттик карызды төлөөгө 11,6 млрд сом бөлдү

Экономика 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын 31-мартына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 157,38 млн долларды (429 млрд 656,56 млн сом) түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы январь-апрелде Кыргызстан мамкарызды төлөөгө 11 млрд 643 млн 284 миң сом жумшады.

Ошентип, анын ичинен 8 млрд 587 млн сому тышкы карызды төлөөгө, 3 млрд 55 млн 642,1 миң сому ички карызды төлөөгө багытталды.

Пикир

Оставить комментарий