• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан-Япония: Күйөрмандар үчүн ири фан-зона уюштурулат

Спорт 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Япониянын курамалары ортосундагы футболдук беттешти көрүүнү каалагандарга Бишкектеги эски аянтта атайын күйөрмандар зонасы уюштурулат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Футбол күйөрмандарына эски аянтта чоң экрандан оюнду түз эфирден көрсөтөт. Ошондой эле ал күнү шоу-программалар, конкурстар жана башка оюндар уюштурулат.

Фан-зона саат 15:15те ачылат. Кыргызстан менен Япониянын беттеши саат 17:15те башталат.

Оюн 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлөт.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий