• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан-Япония кызматташтыгына 25 жыл

Коом 0

Бишкек, 8-июнь /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы димломатиялык мамиленин түзүлүшүнүн 25 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине Кыргызстандын Япониядагы элчиси Рысбек Молдогазиев, Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро жана Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.

Көргөзмөдө эки өлкөнүн кызматташтык жылдары аралыгындагы эң маанилүү делген учурлары чагылдырылган сүрөттөр коюлган.

“25 жыл аралыгында биз эң жакшы мамиле түзгөнгө жетиштик, биздин мамлекеттер ортосунда өнүгүүгө бараткан жолубузда, биз чечпеген эч кандай маселе жок. Бул өз кезегинде мени абдан кубандырат”, –деди Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ямамура Ёсихиро.

Көргөзмөнү Япониянын Кыргызстандагы “JICA” эл аралык агенттиги Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий