• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан-Япония оюну: Биринчи тайм бүттү, эсеп 0:1

Спорт 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстан менен Япония оюнунун биринчи бөлүгүндө Кыргызстандын дарбазасына 1 гол кирди.

Оюндун 40-мүнөтүндө Япониянын пайдасына 11 метрлик айып соккусу белгиленди. Аны япониялык Такуми Минамино тээп, эсепти 0:1ге өзгөрттү.

Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Учурда Тажикстандын курамасы Мьянманын командасы менен оюн өткөрүүдө. Учурда 4:2 эсебинде Мьянманын футболчулары алдыда.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курам буга чейин Тажикстанга 1:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий