• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан-Япония оюну: Бишкекте көчөлөр жабылат

Коом 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Эртең, 14-ноябрь күнү Кыргызстандын футбол курамасы менен Япония курамасынын оюнуна байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол милициясынан белгилешкендей, эртең Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфиловго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

"Көчөлөр саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот. Буга түшүнүү менен карап, бара турган жериңерге жолду алдын ала белгилеп алышыңыздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, эртең боло турган оюн 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий