• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан-Япония оюну: Бишкекте Тоголок Молдо, Абдымомунов көчөлөрү жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-ноябрь күнү Кыргызстандын футбол курамасы менен Япония курамасынын футбол оюнуна байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол милициясынан белгилешкендей, бүгүнкү оюнга байланыштуу Тоголок Молдо көчөсү Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин, Абдымомунов көчөсү Эркиндик бульварынан Орозбеков көчөсүнө чейин жабылат.

Ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Орозбековго чейинки бөлүгүндө унаалар үчүн чектөө киргизилет.

"Көчөлөр саат 14:00дөн баштап оюн аяктаганга чейин жабык болот. Буга түшүнүү менен карап, бара турган жериңерге жолду алдын ала белгилеп алышыңыздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүн боло турган оюн 2022-жылы өтүүчү футбол боюнча дүйнө биринчилигине тандоо турунун алкагында өтөт. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 17:15те башталат.

Кыргызстандын Футбол федерациясы, күйөрмандарды кечикпей келүүсүн жана тартипти сактоосун суранат.

Пикир

Оставить комментарий