• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан Йемендин аймагынан Сауд Аравиянын шаарларына болгон ракеталык чабуулду кескин айыптайт

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 23-24-январында Йемен аймагынан Сауд Араб Падышалыгынын Жизан жана Дахран-аль-Жануб шаарларына ракеталык чабуул жасалганына жана анын кесепетинен жарандык калк жабыркап, жарандык инфратүзүмгө зыян келтирилгендигине терең тынчсыздануусун билдирет.

"Министрлик зомбулуктун күчөшүнө жана аймактагы кырдаалдын туруксуздашуусуна алып келип, жарандык калктын өмүрүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтирген бул аракеттерди жана уланып жаткан чабуулду кескин айыптайт. Министрлик достук мамиледеги Сауд Аравиянын элин жана өкмөтүн колдой тургандыгын билдирет жана жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайт", - деп айтылат КР ТИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий