• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан Индия менен БА өлкөлөрүн натыйжалуу вакциналарды биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. «Диалогдук аянтчанын катышуучу өлкөлөрүндө дары-дармектерге жана „ноу-хауларга“ адилеттүү жеткиликтүүлүк идеясын биргелешип илгерилетүү мүмкүнчүлүгү бар», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, онлайн-форматтагы «Индия — Борбордук Азия» биринчи саммитинде сүйлөп жатып.

Covid-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу максатында, ошондой эле Индиянын зор илимий жана фармацевтикалык дараметин эске алуу менен Мамлекет башчысы Борбордук Азия өлкөлөрүндө жеткиликтүү жана натыйжалуу вакциналарды жана башка дары каражаттарын биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Акыркы үч жылда Кыргызстан жарандардын ден соолугун жана өмүрүн коронавирус инфекциясынан коргоо боюнча иштерди жүргүзүп, эл аралык кызматташууга катышып, пандемияны ооздуктоо жана ага каршы күрөшүү боюнча өз ара жардам көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий