• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстан Индияга жана БА өлкөлөрүнө экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу долбоорлорду сунуштады

Президент 0

Бишкек, 27.01.22./Кабар/. «Кыргызстан бир эле учурда эки — экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана республиканын транспорттук-транзиттик байланышын жогорулатуу маселесин чечүүгө жардам бере турган долбоорлорду ишке ашырууга сунуштоого даяр», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, онлайн форматтагы «Индия — Борбордук Азия» биринчи саммитинде.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө дүйнөлүк экономика эң жакшы абалда эмес экенин жана улуттук экономикалар дагы эле төмөндөөдөн чыга албай, пандемияга чейинки деңгээлге жете алышпай жатканын белгиледи. Экономиканы калыбына келтирүүчү факторлордун бири Борбордук Азия менен Индиянын ортосундагы соода жана инвестициялык активдүүлүк болушу мүмкүн.

Аны менен бирге, Президент Садыр Жапаров Индия менен заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана санариптештирүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруп, мамлекеттик жана жеке сектордо биргелешкен максаттуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий