Кыргызстан ишембиликтерди өткөрүү боюнча алдыңкы 5 орунга кирет

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кыргызстан “Lets do it world” глобалдык экологиялык кыймылынын алкагында ишембиликти өткөрүү боюнча алдыңкы 5 орунга кирет. Бул тууралуу “Эко Деми” коомдук фондунун төрайымы Айжан Чыныбаева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, “Дүйнөнү тазартабыз!” акциясы 15-сентябрда өтөт. Иш-чарага дүйнө жүзүндөгү 157 өлкө катышат. Кыргызстанда 300 миң адамды тартуу пландалууда.

“Эгер биз сиздер менен таштанды маселесин чечсек, экономикалык көйгөйлөрдү камтыган бир нече маселелерди чече алабыз. Күн сайын ар бир адам болжол менен 1,5 килограмм таштанды чогултат. Өлкөбүздө таштандыны кайра иштетүүчү ишканалар жок, бирок биз айлана-чөйрөбүзгө кам көрүшүбүз керек”, - деди Чыныбаева.

Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт аталган долбоорду колдогонун айтты.

“Ишембиликтердин биздин акциябыздан айырмасы – биз орунду бекитип, белгилүү кир болгон аймактарга барабыз. Мамлекеттик мекемелердин аймагын тазалабайбыз, себеби алар өздөрү тазалап турушат”, - деди Чыныбаева.

Пикир

Оставить комментарий