• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банк менен кызматташууга өзгөчө маани берет

Өкмөт 0

Бишкек, 05.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Санжар Муканбетов 2-5 апрелде Тунис шаарында (Тунис Республикасы) ар жыл сайын өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Тобунун 43-жолугушуусунун ишине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Аталган иш-чаранын алкагында вице-премьер-министр ИӨБ кеңешинин форумдары жана семинарларынын ишине катышып, Араб Координациялык Тобунун делагациялары-мүчөлөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушууларда болду, анын ичинде ИӨБдүн Президенти Бандар Хаджар менен жолукту.

ИӨБдүн 43-жолугушуусунда сүйлөп жатып, Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Ислам өнүктүрүү банк менен кызматташууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

«Банк менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор биздин өлкөдөгү инфраструктураны өнүктүрүүгө жана калктын жашоо шартынын сапатын жакшыртууга сезилерлик салым кошууда. Биз ИӨБ менен болгон кызматташтыкты натыйжалуу, жалпы жыйынтыктуу көз караш менен караганда салым кошуучу катары баалай алабыз», – деп белгиледи Санжар Муканбетов.

Андан тышкары ал ИӨБжана Араб Координациялык топтун башка мүчөлөрү менен мындан аркы жигердүү кызматташууга кызыктар экендигине ишендирди.

Ошондой эле вице-премьер-министр атамекендик экономиканын келечектүү секторлору тууралуу кененирээк маалымат берип, ИӨБдүн Кыргызстандагы ишинин мындан ары кеңейүүсү биргелешкен кызматташтыкка, ишке ашып жаткан долбоорлордун сапатына жана тездигине жагымдуу таасир берерин белгилеп кетти.

Пикир

Оставить комментарий