• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан көчө футболу боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышууда

Спорт 0

Бишкек, 16.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын эркектер курамасы Мексикадагы көчө футболу боюнча дүйнөлүк биринчиликке катышууда. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында айтылат.

Таймаш 13- ноябрда башталган жана 18-ноябрда аяктайт. Мехико шаарында өтүп жаткан мелдешке 40 өлкөдөн келген 450 футболчу катышууда.

Биринчи топтук баскычта биздин курама Италия, Австрия, Мексика жана Гонконгдун командалары менен ойногон.

Алгачкы беттеште кыргызстандык футболчулар Италиянын курамасын 5:4 эсебинде уткан. Кийинки оюндарда мексикалыктарга 4:10 жана австриялыктарга 3:6 эсебинде жеңилип калган. Топтун акыркы беттешинде Гонконгдун командасын 5:4 эсеби менен жеңген.

Пикир

Оставить комментарий