• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстан көз карандысыз жана суверендүү саясат жүргүзүүдө – коомдук ишмер

Коом 0

Бишкек, 31.08.17. /Кабар/. Кыргызстан көз карандысыз жана суверендүү саясат жүргүзүүдө. Бул тууралуу коомдук ишмер Жыпар Жекшеев билдирди.

Анын айтымында, көз карандысыздык жылдары баары эле жакшы боло койгон жок. Алгачкы эки президенттин учурунда өлкө кыйын кырдаалда болду, образдуу айтканда, бул жылдарды унутуп коюуга болот. “Анда бизди демократия аралчасы аташканы менен толук кандуу мамлекет тузө алган жокпуз. Кыргызстан акыркы бир нече жылда гана Алмазбек Атамбаевдин жаңы көз карандысыз саясатынын аркасында бутуна тура баштады. Биз өлкөбүзгө башкача мамиле кыла баштадык. Биз эл аралык уюмдар тарабынан таңууланган көрсөтмөлөрдү, буйруктарды аткарбай калдык”, - дейт Жекшеев.

Ал белгилегендей, Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча акыркы референдумдан кийин Кыргызстан туура багыт алды. Жаңы Конституция коопсуздукту камсыздоого, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен саясат жүргүзүүгө арналган. Ошондой эле, Конституция жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Себеби, демократиянын арты менен либералдык идеология көп учурда өлкөнү туңгуюкка кептеп келен. Башта Кыргызстан көз карандысыз, эгемен саясат жүргүзө алган эмес. Бирок акыркы жылдары өлкө экономикалык, саясий жана башка тармактарда өз позициясын аныктай алды. Эми өлкөнүн өнүгүү жана багыттан тайбай жүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттери бар.

Жетишкендиктер тууралуу айтууда Жекшеев өлкөнүн ИДПсы өзү эле айтып турганын белгиледи. Ал ошондой эле, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугунда маанилүү роль ойногон энергетикалык көз карандысыздык тууралуу унутууга болбой турганын белгилейт.

“Эгерде эске салсак, мурда кыштын келишин тынчсыздануу менен күтүп келгенбиз. Электр жарыгын өчүрүүлөр кайрадан башталат деп коркчубуз. Бул маселе чечилип, биз өлкө өз жарандары үчүн түзгөн бардык ыңгайлуулуктарды кооптонуусуз колдоно алабыз. Үчүнчүдөн, эмгек маянасы көбөйдү. Мугалимдердин, дарыгерлердин айлыгы жогорулады, эми жаштап бул адистиктерге окуп башташат. Алар мектептерде, ооруканаларда иштеп, үй-бүлөсүн багууга болорун түшүнүп калышты. Мамлекет жарандарына көңүл буруп, аларга кам көрө баштады”, - дейт ал.

Ошондой эле, коомдук ишмер Кыргызстан тышкы саясатта өз ордун ээлеп калганын баса белгиледи. “Биз ким иштешибиз керектигин так билебиз. Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп, экономикасын өнүктүрө баштады. Биз абалды талдап көрүп, мындай чечимди өзүбүз кабыл алдык. Себеби, бул биздин кызыкчылыгыбызда”, - деди коомдук ишмер.

Анын айтымында, коопсуздук тармагында Кыргызстан жакшы натыйжаларга жетише алды. Кыргызстан ЖККУ, ШКУ мүчөсү жана дүйнөлүк ири оюнчулардын тобунда турат. Коопсуздуксуз эч нерсе тууралуу айтууга болбойт. “Коргоо башкы маселе”, - -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий