• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстан кайсы продуктуларды жана кайдан импорттойт? Айыл чарба министринин жообу

Экономика 0

Бишкек, 12.03.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн маалымат жыйынында КР Айыл чарба министрлигинин башчысы Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан кайсы продуктуларды жана кайдан импорттой турганын айтып берди.

Алсак, Кыргызстан буудай үрөнүн, жумуртканы Россия менен Казакстандан, канаттуулар этин Казакстан, Россия, АКШ, Кытай, Беларусь, Украина жана Канададан ташыса, өсүмдүк майын Беларусь, Россия жана Украинадан, ал эми балыкты Россиядан импорттойт.

Жаныбеков белгилегендей, өлкөдө акыркы жылдары балык чарбасы жигердүү өнүгүп жатат, ошондуктан балык өстүрүү чарбаларынын саны жыл сайын өсүүдө жана министрлик бул демилгени колдойт.

“ЕАЭБ алкагында бир катар продукцияларды Россиядан алып чыгууга убактылуу тыюу салууга байланыштуу биз эч кандай кооптонууну көргөн жокпуз. Азырынча экспорттун башка булактарын издөөнүн кереги жок”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий