• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз авиациясы "кара тизмеден" чыгыш үчүн ИКАОнун талаптарын аткарды

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Кыргызстан "кара тизмеден" чыгыш үчүн Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO — International Civil Aviation Organization) бардык талаптарын аткарды. Бул тууралуу Транспорт жана жол министринин орун басары Жеӊишбек Ногойбаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрликтин өкүлү Кыргызстанды "кара тизмеден" чыгарып, Европа өлкөлөрүнө учуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын билдирди.

"2006-жылы Кыргызстан "кара тизме" киргизилген. Азыр эл аралык уюмдун койгон талаптарынын баары аткарылды, эми алардын чечимин күтүп жатабыз. Бул маселе оӊ чечилет деген ойдобуз", - деди Жеӊишбек Ногойбаев.

Жогорку Кеӊеште КР өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдарын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол жөнүндө ратификациялык мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Депутаттар бул өтө маанилүү келишим экенин, айрыкча ишкерлерге оӊ таасирин тийгизе турганын белгилешти. Алардын пикиринде, тезинен "кара тизмеден" чыгып, авиакаттамдар жаатында атаандаштык жаратуу зарыл.

"Тилекке каршы, кыргыз-түрк авиакаттамдарындагы жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү түрк жарандары болуп саналат. Менимче, өз жарандарыбыздын кызыкчылыгын коргоо жана колдоо максатында, мындан ары кыргыз жүргүнчүлөрү менен каттамдардын санын арбытууга, жолкире наркын азайтууга аракет жасаш керек. Ансыз алдыга жыла албайбыз", - деди депутат Бахадыр Сулейманов.

Ал эми депутат Бактыбек Сыдыков Кыргызстандын жарандык авиация тармагы системдүү кризистен чыга албай жатканын айтты.

"Кыргызстан эгемендик алгандан бери мамлекет тарабынан авиация тармагына жарытылуу жамдам бериле элек. Бир нерсени талап кылганга жараша, кандайдыр бир деӊгээлде жардам берилиши керек да. Ансыз жарандык авиациянын өнүгүшү кыйын", - деди Сыдыков.

Белгилей кетсек, ушу тапта түрк тарап Бишкек – Стамбул авиакаттамы боюнча аптасына 10 каттам жасоодо. Ал эми кыргыз тараптын авиакаттамдары жокко эсе. «Эйр Кыргызстан» компаниясынын жалгыз гана жарактуу учагы бар. Азыр ушул келишимдин алкагында мурда жабылып калган Ош – Стамбул каттамын кайра жандандыруу жаатында аракеттер жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий